КУВА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КУВА́ , К у б а – Өзбекстандагы байыркы шаарлардын бири. 1974-жылдан шаар статусуна ээ. Фергана обл-нда жайгашкан. Т. ж. бекети. 10- к-дан белгилүү. О. кылымдын калдыктары сакталган. Археологдор 1958–59-ж. Будда комплексин (7–8-к-га таандык) казышкан. Ал храмдарды жана чиркөөнү камтып, бир башкы фасадка биригишкен. Чиркөөнүн платформасында Будданын ири айкели орнотулган. Храм менен чиркөөнүн ичинде боёлгон чопо Будда айкелдери постаментте орнотулса, айкел композициялары дубал оюктарында (нишада) жайгашкан. Эмерек жасоочу ф-ка, консерва, пахта тазалоочу з-ддору иштейт.