КРЫМ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРЫМ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ(1945), Я л т а к о н ф е р е н ц и я с ы – экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) союздаш 3 мамлекеттин (СССР, АКШ жана Улуу Британия) өкмөт башчыларынын (И. В. Сталин, Ф. Д. Рузвельт, У. Черчилль), тышкы иштер министрлеринин, штаб начальниктеринин ж. б. кеңешчилердин И. В. Сталин, Ф. Д. Рузвельт жана У. Черчилль (оңдон солго) СССР, АКШ жана Улуу Британиянын өкмөт делегацияларынын мүчөлөрү менен Крым (Ялта) конференциясында, 1945.

катышуусу менен өткөрүлгөн конф-я. 4–11-февралда Ялтада (Крым) өткөн. К. к-на гитлердик Германияны толук талкалоо максатында союздаш 3 мамлекеттин согуш пландары макулдашылган, согуш бүткөндөн кийин бекем тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту уюштурууда союздаштардын макулдашкан саясатынын негизги принциптери белгиленген. К. к-нын катышуучулары Германиянын кыңк этпей багынып берүүсүнүн шартын ишке ашыруу жана жалпы саясат жөнүндө келишишкен. Үч мамлекеттин куралдуу күчтөрү Германияда өзүнчө оккупациялык зонаны ээлейт деп макулдашылган. Үч мамлекеттин башчылары германдык милитаризм менен улутчулдукту жок кылууну жана Германия келечекте тынчтыкты бузууга жол бербегидей гарантия түзүүнү билдиришкен. К. к. согушта союздаш өлкөлөргө келтирген зыяны үчүн Германиядан кун алуу керек деп тапкан. Элдердин ортосундагы тынчтыкты сактоо максатында конф-я Бириккен Улуттар Уюмун (ООН) түзүү жөнүндө чечимге келген. К. к. «Бошотулган Европа жөнүндө декларация» кабыл алып, Польшанын чек аралары тууралуу бир катар чечимдер чыгарг'ан. Жалпы тынчтыкты камсыз кылуу максатында СССР К. к-нда Европада согуш бүтөрү менен 2–3 айдан кийин белгилүү шартта Японияга каршы согушка кирүүгө макулдугун берген.
Ад.: Ялтинская конференция 1945: Уроки истории
/ Под. ред. А. Н. Яковлева и др. М., 1985.