КРОКОИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КРОКОИ́Т (гр. krjkos – саргыч күрөң) – хромат­тар классына кирүүчү минерал. Хим. формула­сы Pb(CrO4). Курамында 69,06% PbO, 30,94% CrO3 бар. Моноклин системасында кристаллда­шат. Өңү саргыч кызыл. Катуулугу Моостун шкаласы б-ча 2,5–3. С. салм. 6. Курамында хром кездешкен ультранегиздүү тектерге жакын же алардын арасындагы полиметаллдуу (коргошун­цинк) кендердин кычкылдануу аймагында пай­да болот.