КРИТ-МИКЕН МАДАНИЯТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КРИТ-МИКЕ́Н МАДАНИЯТЫ – б. з. ч. 3–2-миң жылдыктарда Критте, Эгей архипелагында жана материктик Грекияда жашаган уруулардын мад­тынын шарттуу аталышы. Криттин б. з. ч. 3– 2-миң жылдыктагы тарыхын 20-к-дын башын­да англ. археолог Эванс алгачкы миной (3000– 2200), ортонку миной (2200–1600) жана соңку миной (1600–1200) деп 3 мезгилге бөлүүнү су­нуш кылган. Алгачкы миной мад-тына энео­литке өтүү, жез куралды пайдалануу (болжол менен 2600-жылдан), турак жайдын пайда болу­шу, мал чарбасынын таралышы жана деңизде сүзүүнүн өнүгүшү мүнөздүү. Бул мезгилде уруу­лук түзүлүш бузула баштаган. Ортонку миной мезгилинде (2000-жылга жакын) айрым илим­поздордун пикирине караганда ассириялык Сар­гондун аскерлери Критти басып алышына кар­шы күрөштүн натыйжасында борбору Кносс бол­гон Крит мамлекети түзүлгөн. Зор жана кооз Кносс двореци анын күч-кубатын далилдейт. Бул убак­та Критте пиктогр. жазуу кеңири таралган. Соң­ку миной убагында б. з. ч. 1400-жылдагы күчтүү жер титирөөдөн Кносс двореци талкаланып, Эгей менен Жер Ортолук деңиздин чыгышында бийлик микендерге өткөн. Микен мад-тына дубалы көркөмдөлүп тургузулган падыша дворецтери мүнөздүү. Анын гүлдөгөн мезгили 16–13-к-га таандык. Мында борборлошкон күчтүү бийлик өкүм сүргөндүгүн Пелопоннестин түрдүү айма­гындагы, ал тургай Борб. Грекияны Микен менен байланыштырган кыйма-чийме жолдор далил­дейт. Б. з. ч. 13-к-дын аягында Микен мад-ты төмөндөй баштаган, курулуш токтоп, тышкы байланыш начарлаган. Ал Троя согушунун на­тыйжасы болушу ыктымал. Мындан тышкары б. з. ч. 12-к-да Микенге басып кирген дорийлер дворецтерди талкалап, алгач пайда болгон кул ээлик Крит-Микен мамлекетин жок кылган.