КРИСТАЛЛ ОПТИКАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'> | <b type='title'>КРИСТАЛЛ ОПТИКАСЫ</b> – оптиканын жана кри­сталл физикасынын чектеш тармагы; ал жарык­тын кристаллдагы таралуу законун изилдейт. Кристалл оптикасы кристаллдагы жарык нурунун кош сыны­шын, жарыктын уюлдануусун (полярлануусу), уюлдануу тегиздигинин айланышын, таралуу багытына жараша анын түсүнүн өзгөрүшүн (плео­хроизм) ж. б. кубулуштарды үйрөтөт. Жарык­тын кристаллда жутулуусун ж-а кристаллдын жарыкты нурдантуусун кристалл спектроско­пиясы, электр ж-а магнит талаасы­нын кристаллдын оптикалык касие­тиине тийгизген таасирин, электр оптикасы ж-а маг­нит оптикасы изилдейт. Крис­талл торчосунун | ||
[[File:КРИСТАЛЛ ОПТИКАСЫ21.png | thumb | none]] | [[File:КРИСТАЛЛ ОПТИКАСЫ21.png | thumb | none]] | ||
параметри (–10Е) көзгө көрүнгөн жарык нуру­нун толкун узундугунан (4000–7000Е) алда канча | параметри (–10Е) көзгө көрүнгөн жарык нуру­нун толкун узундугунан (4000–7000Е) алда канча кичине болгондуктан, кристалл бир тектүү, би­рок анизотроптуу чөйрө катары каралат. Жа­рык кристаллда бардык тарапка бирдей ылдам­дык менен тараса, анда мындай чөйрө изотроптуу чөйрө деп аталат. Кристаллдын оптикалык ани­зотропия касиети бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет этүү күчтөрүнүн талаасынын анизотропиясына байланыштуу. Бул талаанын мүнөзү кристалл­дын симметриясына көз каранды. Кубдук крис­таллдан башка кристаллдар анизотропиялык касиетке ээ. Жаратылышта кезигүүчү турмалин кристаллын жарык нурунун жолуна тоскондо жарык нуру уюлданат. Жарык нуру бир октуу кристаллдан өткөндө уюлданып, өз ара тик эки нурга ажырайт. Кристаллдын башкы тегизди­гине тик болгон нур кадимки нур, ал эми тегиз­дик боюнча термелген электр термелүүсү кадимки эмес нур деп аталат. Кандай гана шарт болбо­сун кадимки нур бардык багыт боюнча бирдей ыл­дамдыкта таралат да, сынуу көрсөткүчү турук­туу болот. Ал эми кадимки эмес нурларда, тес­керисинче, сынуу көрсөткүчү (<i>n</i>) жарыктын та­ралуу багытына жараша өзгөрөт (<i>n</i> const). Кристалл оптикасынын ыкмалары уюлдашкан жарыкты алууда ж-а талдоодо, оптикалык затворду, модулятор­ду ж. б. жасоодо колдонулат. | ||
кичине болгондуктан, кристалл бир тектүү, би­рок анизотроптуу чөйрө катары каралат. Жа­рык кристаллда бардык тарапка бирдей ылдам­дык менен тараса, анда мындай чөйрө изотроптуу | |||
чөйрө деп аталат. Кристаллдын оптикалык ани­зотропия касиети бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет этүү күчтөрүнүн талаасынын анизотропиясына байланыштуу. Бул талаанын мүнөзү кристалл­дын симметриясына көз каранды. Кубдук крис­таллдан башка кристаллдар анизотропиялык касиетке ээ. Жаратылышта кезигүүчү турмалин кристаллын жарык нурунун жолуна тоскондо жарык нуру уюлданат. Жарык нуру бир октуу кристаллдан өткөндө уюлданып, өз ара тик эки нурга ажырайт. Кристаллдын башкы тегизди­гине тик болгон нур кадимки нур, ал эми тегиз­дик | |||
Ад.: <i>Шубников А. В.</i> Основы оптической кристалло­графии. М., 1958; <i>Константинова А. Ф.,</i> Гречушников <i>Б. Н., Бонуть Б. В., Валашков Е. Г.</i> Оптические свойства кристаллов. Минск,1995. | |||
Ад.: <i>Шубников А. В.</i> Основы оптической кристалло­графии. М., | |||
[[Категория:4-том, 547-596 бб]] | [[Категория:4-том, 547-596 бб]] | ||
05:07, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КРИСТАЛЛ ОПТИКАСЫ – оптиканын жана кристалл физикасынын чектеш тармагы; ал жарыктын кристаллдагы таралуу законун изилдейт. Кристалл оптикасы кристаллдагы жарык нурунун кош сынышын, жарыктын уюлдануусун (полярлануусу), уюлдануу тегиздигинин айланышын, таралуу багытына жараша анын түсүнүн өзгөрүшүн (плеохроизм) ж. б. кубулуштарды үйрөтөт. Жарыктын кристаллда жутулуусун ж-а кристаллдын жарыкты нурдантуусун кристалл спектроскопиясы, электр ж-а магнит талаасынын кристаллдын оптикалык касиетиине тийгизген таасирин, электр оптикасы ж-а магнит оптикасы изилдейт. Кристалл торчосунун

параметри (–10Е) көзгө көрүнгөн жарык нурунун толкун узундугунан (4000–7000Е) алда канча кичине болгондуктан, кристалл бир тектүү, бирок анизотроптуу чөйрө катары каралат. Жарык кристаллда бардык тарапка бирдей ылдамдык менен тараса, анда мындай чөйрө изотроптуу чөйрө деп аталат. Кристаллдын оптикалык анизотропия касиети бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет этүү күчтөрүнүн талаасынын анизотропиясына байланыштуу. Бул талаанын мүнөзү кристаллдын симметриясына көз каранды. Кубдук кристаллдан башка кристаллдар анизотропиялык касиетке ээ. Жаратылышта кезигүүчү турмалин кристаллын жарык нурунун жолуна тоскондо жарык нуру уюлданат. Жарык нуру бир октуу кристаллдан өткөндө уюлданып, өз ара тик эки нурга ажырайт. Кристаллдын башкы тегиздигине тик болгон нур кадимки нур, ал эми тегиздик боюнча термелген электр термелүүсү кадимки эмес нур деп аталат. Кандай гана шарт болбосун кадимки нур бардык багыт боюнча бирдей ылдамдыкта таралат да, сынуу көрсөткүчү туруктуу болот. Ал эми кадимки эмес нурларда, тескерисинче, сынуу көрсөткүчү (n) жарыктын таралуу багытына жараша өзгөрөт (n const). Кристалл оптикасынын ыкмалары уюлдашкан жарыкты алууда ж-а талдоодо, оптикалык затворду, модуляторду ж. б. жасоодо колдонулат.
Ад.: Шубников А. В. Основы оптической кристаллографии. М., 1958; Константинова А. Ф., Гречушников Б. Н., Бонуть Б. В., Валашков Е. Г. Оптические свойства кристаллов. Минск,1995.