КРИОЛИТОЗОНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРИОЛИТОЗО́НА (крио–, гр. lithos – таш жана зона), л и т о к р и о с ф е р а – криосферанын жер кыртышындагы үстүнкү бөлүгү. Мында нөлдөн төмөнкү темп-ра басымдуу болгондуктан, жер астындагы муздардын пайда болушуна шарт түзүлөт. К-нын төмөнкү чегин 0°С темпранын изотермасы түзөт. Анын тереңдиги мелүүн кеңдиктерде бир нече мден, уюлга жакын аймактарда бир нече кмге чейин жетет. Терминди 1955-ж. орус тоң таануучусу П. Ф. Швецов киргизген (мурдараак сунушталган «түбөлүк тоң» термини менен бирдей мааниде колдонулат).