КРЕМЛЬ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРЕМЛЬ – байыркы орус шаарларынын мунаралары бар чеп дубалдар менен курчалган борб. бөлүгү; коргонуу, сарай жана чиркөө курулмаларынын комплекси. Орус жылнаамаларында 1331-жылдан белгилүү («Кремник»). К. 14-к-га чейин «детинец», 16–17-к-да «город», «град» деп аталган. К. көбүнчө дөңсөөгө, дарыя же көл жээгине салынган. Мунараларынын саны, алардын ортосундагы аралыктар жердин рельефине жана согушта коргонууга ыңгайлуулугуна байланыштуу болгон. Адегенде дубалы жыгачтан жана топурактан, 11-к-дан таштан, кыштан кыналып, көп учурда айланасы суу толтурулган аң менен курчалган. Биринчи К. Новгороддо (1044), кийин Эски Ладогада (1116), Псковдо (13-к.), Москва, Тула, Коломна, Астрахань ж. б. ш-да (16–17-к.) курулган. К-де негизинен падыша сарайы, боярлар жана чиркөө төбөлдөрүнүн үйлөрү жайгашып, коргонуу, о. эле парад өткөрүү милдетин аткарган. 18-к-дын 2-жарымы – 19- к-дын 1-чейрегинен согуштук-стратегиялык маанисин жоготу п, адм. борбор жана тарыхый көркөм ансамбль катары шаар комплексине

кирип, Москва, Тула, Псков, Смоленск, Новгород ж. б. ш-да сакталып калган.
Ад.: Кремли России / Отв. ред. Владимирская Н. С.
М., 2003; Длужневская Г. В., Калинина В. А., Субботин А. В. Кремли России XV–XVII вв. СПб., 2005.