КРАСНОДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КРАСНОДА́Р (1920-ж. чейин Е к а т е р и н о­д а р) – Россиядагы шаар. Краснодар крайынын адм. борбору. Кубань д-нын боюнда. Калкы 709,7 миң (2008). Т. ж. бекети. К. – ө. ж-луу ири бор­бор. Машина куруу (станок, радио жана электр­ченегич приборлор, компрессорлор, а. ч. маши­налары), нефть ажыратуу, хим. (резина-тех. өндүрүшү өнүккөн), жеңил (кебез-кездеме, кам­вол-нооту комбинаты, булгаары з-ду), тамак­аш (май, майонез, ар кандай татымалдар, сыр, эт), жыгаччылык ө. ж. ишканалары жана вита­мин, биохим. дары-дармектер, парфюмерия-кос­метика өндүрүшү, фарфор-фаянс з-ду иштейт. Ту­ризм үчүн чана (үйлөнмө), суу аттракциондору, бассейндер, рафт чыгарылат. Чиркөөлөр, собор­лор ж. б. арх-ралык эстеликтер сакталган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин шаар кайрадан курулуп, оңдолгон. Кубань казак-орус аскерле­ринин 200 жылдыгына обелиск, Екатерина IIге, генерал Л. Г. Корниловго эстеликтер тургузул­ган. К. – Россиянын түштүгүндөгү илим менен би­лимдин ири очогу. ИИИлер, ун-ттер (а. и. Ку­бань ун-ти), ин-ттар, китепканалар, театрлар, цирк, тарыхый-археол., сүрөт музейлери бар.
Чеп катары 1793-ж. негизделген. Эл аралык куурчак театр (1997-жылдан), кино (2005-жыл­дан) фестивалдары өткөрүлүп турат.