КӨШӨГӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨШӨГӨ – 1) көргөзбөй далдалап туруу үчүн үйдүн бир капшытына тартылган буюм. Баа­луу жука кездемеден (жибек, шайы, тубар ж. б.) уз. 2,5–3 м, эни 2–2,5 м чамалуу жасалган; үстүнкү жана каптал четтери кыюуланган; үстүнкү кыюусуна илмектер кадалып, ага ичке сызма өткөрүлүп, сызманын эки учу ууктарга кере тар­тылып байланган. К. кыздын себи менен кошо келген; маал-маалы менен түшүрүлүп (жыйылып) турган. К-нүн келип чыгышын кыргыздын эски (көчмөн) жашоо ыңгайы жана салттары, асыресе жаңы үйлөнгөндөрдүн ата-энеси менен кошо туру­шу, жаңы келген келиндин кайната, кайнага­ларынан качышы шарттаган. Учурда К. кыз себинин бир элементи; 2) театрда сахнаны көрүү залынан бөлүү үчүн тартылган далдалагыч.