«КЫРГЫЗ ФИЛЬМ»: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page «КЫРГЫЗФИЛЬМ» to «КЫРГЫЗ ФИЛЬМ») |
(Айырма жок)
| |
10:39, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗФИЛЬМ» Т. О к е е в а т ы н д а г ы – улуттук киностудия. 1939-жылы Фрунзеде кинохрониканын кабарчылык пункту катары уюшулган. 1941-жылы Фрунзе кинохроника студиясы аталып, 1951-жылы хроникалык-документалдык тасмалар киностудиясына, 1956-жылы даректик жана көркөм тасмалар киностудиясына айланган (бир катар көркөм тасмалар «Мосфильм», «Ленфильм, «Казакфильм» киностудиялары менен биргеликте тартылган). 1957-жылы киностудиянын өнөр жай базасы кеңейтилип, айрым цехтер кайра конструкцияланган. 1961-жылдан азыркы аталышында. 1974-жылдан «Көрөгөч» сатиралык киножурналы чыккан. 1977-жылы «Хроника» чыгармачылык бирикмеси түзүлгөн, анда мультфильмдердин техникалык өндүрүшү негизделген.

Студия бир жылда 3 көркөм тасма, 1 телефильм, 16 хроникалык, даректүү, илимий-популярдык жана окуу тасмаларын чыгарган, 30га жакын тасманы кыргыз тилине которгон (1985). 2002-жылы «Кыргыз фильм» студиясына Т. Океевдин ысмы ыйгарылган. 2004-жылы Улуттук макам берилген. 1990–2010-жылдары жеке менчик студиялардын өнүгүшүнө жардам көрсөткөн. Тасмалардын дээрлик бардыгы «Кыргыз фильмдин» техникалык базасында, анын катышуусу менен пайда болду. Толук метраждуу, кыска метраждуу, даректүү тасмалар, балдарга арналган «Аралаш» кино журналы тартылган. Ар кайсы жылдарда Т. Ибрагимов, С. Койчуманов, Б. Карагулов жетектеген. 2009-жылдан директордун милдетин Т. Кулмендеев аткарат, к. Кыргыз киносу.