КӨПҮРӨ (инженердик курулма): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КӨПҮРӨ 1 to КӨПҮРӨ (инженердик курулма)) |
(Айырма жок)
| |
08:34, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨПҮРӨ – жол курууда кездешүүчү ар кандай тоскоолдордун (канал, дарыя, капчыгай, терең сай жана башкалар) үстүнө тургузулуучу инженердик курулма. Ал автомобилдик, темир жолдук жана жөө кишилер өтүүчү болуп бөлүнөт да, шаар көчөлөрүнө жана шаардан сырткы жолдорго салынат. Көпүрө бышык жана узакка чыдамдуу курулуш материалдарынан тургузулат. Көпүрөнүн негизги бөлүктөрү – түркүктөр (тирөөчтөр, четки таянычтары) жана аралыгын туташтырып туруучу атайын курулуш материалдары (пролёттук конструкция). Дарыя менен каналга салынган көпүрө виадуктар жана эстакадалар (суусуз тоскоолдорго салынган), жол өткөөлдөрү (жол үстүнө салынган) болуп айырмаланат. Негизги бөлүктөрү курулган материалга жараша жыгач, таш, темир-бетон жана болот көпүрө. деп аталат. Негизги конструкция системасы боюнча устундуу көпүрө, арка түрүндөгү, рама түрүндөгү, асма, вант түрүндөгү жана айкалышкан көпүрө болуп айырмаланат (к. сүрөт.). Алгачкы арка конструкциясын римдиктер колдонуп (биздин замандын 100-жылы),


мындай конструкция менен Алькантара көпүрөсү Тахо дарыясына курулган. Европада бул типтеги көпүрөлөр 14-кылымдан баштап курула баштаган, мисалы, Флоренциядагы (Италия) Понте Веккио көпүрөсү 1345-жылы аяктаган. 1979-жылы курулган Колбрукдейлск темир көпүрөсү жаңы, темир жана металл арка конструкция эрасынын башталышы болуп калды. Кийин тирөөч аралыгы 500 м болгон Сиднейдеги (1932) жана Нью-Йорктогу Байоннск (1930) көпүрөлөрү курулган. 1882–1889-жылдары Шотландиядагы Фортский көпүрөсү, 1964-жылы курулган Сиднейдеги бетон аркалуу тирөөч аралыгы 305 м болгон Глейдсвиллск көпүрөсү курулган. Кеңири таралган асма көпүрөлөр үч канаттан туруп, эки жак учуна тең анкердик бекиткичтер байланган. Көпүрөнүн өзгөчө түрлөрү – калкыма, ачылма жана ачылып-жыйналма көпүрөлөр да болот.