КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАСЫМБЕКОВ</b> '''Мырза Фазылбек''' (1863, [[Бадахшан]], Шунган кыштагы – 14. 02. 1919, [[Ош]]) – тарых&shy;чы, чыгыш изилдөөчү, географ жана саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан Муратбектин медресесин бүтүргөн. [[Орто Азия]] жана коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, эт&shy;нографиясын, тилин жакшы билген. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын ба&shy;шында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч, чарба иштеринин башчысы катары [[Кашкар]], [[Тибет|Ти&shy;бет]], [[Гиндикуш]], [[Памир]] (1888–1889), Түркия (1896), [[Афганстан]]дагы (1903–1904) илимий экспедицияларга катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоологиялык ж. б. коллекцияларды жыйнаган. Ал кызматы үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары менен сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-жылы Бадахшандын 1809–1907-жылдардагы соңку тарыхын жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсеп&shy;телет. 1911–13-жылдарда Ош орус-тузем мектебин ачып, анда мугалим болуп иштеген. 1914–17-жылдарда Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетек&shy;теген. 1917-жылы уулу Санжар [[Касымбеков]] м-н бир&shy;ге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар кол&shy;дуу болуп өлгөн.
<b type='title'>КАСЫМБЕКОВ</b> '''Мырза Фазылбек''' (1863, [[Бадахшан]], Шунган кыштагы – 14. 02. 1919, [[РСФСР]], [[Түркстан АССРи]], [[Фергана облусу]], [[Ош]] шаары) – тарых&shy;чы, чыгыш изилдөөчү, географ жана саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан Муратбектин медресесин бүтүргөн. [[Орто Азия]] жана коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, эт&shy;нографиясын, тилин жакшы билген. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын ба&shy;шында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч, чарба иштеринин башчысы катары [[Кашкар]], [[Тибет|Ти&shy;бет]], [[Гиндикуш]], [[Памир]] (1888–1889), Түркия (1896), [[Афганстан]]дагы (1903–1904) илимий экспедицияларга катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоологиялык ж. б. коллекцияларды жыйнаган. Ал кызматы үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары менен сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-жылы Бадахшандын 1809–1907-жылдардагы соңку тарыхын жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсеп&shy;телет. 1911–1913-жылдарда Ош орус-тузем мектебин ачып, анда мугалим болуп иштеген. 1914–1917-жылдарда Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетек&shy;теген. 1917-жылы уулу Санжар [[Касымбеков]] менен бир&shy;ге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар кол&shy;дуу болуп өлгөн.
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]

10:00, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек (1863, Бадахшан, Шунган кыштагы – 14. 02. 1919, РСФСР, Түркстан АССРи, Фергана облусу, Ош шаары) – тарых­чы, чыгыш изилдөөчү, географ жана саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан Муратбектин медресесин бүтүргөн. Орто Азия жана коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, эт­нографиясын, тилин жакшы билген. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын ба­шында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч, чарба иштеринин башчысы катары Кашкар, Ти­бет, Гиндикуш, Памир (1888–1889), Түркия (1896), Афганстандагы (1903–1904) илимий экспедицияларга катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоологиялык ж. б. коллекцияларды жыйнаган. Ал кызматы үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары менен сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-жылы Бадахшандын 1809–1907-жылдардагы соңку тарыхын жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсеп­телет. 1911–1913-жылдарда Ош орус-тузем мектебин ачып, анда мугалим болуп иштеген. 1914–1917-жылдарда Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетек­теген. 1917-жылы уулу Санжар Касымбеков менен бир­ге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар кол­дуу болуп өлгөн.