КЭМП-ДЭВИД МАКУЛДАШУУСУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЭМП-ДЭВИД МАКУЛДАШУУСУ (1978) – Египет ж-а Израил мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн тынчтык келишим.

1978-ж. 17-сентябрда Кемп-Дэвид резиденциясында (Мэриленд штаты) өткөн жолугушууга АКШ президенти Ж. Картер, Египет президенти Анвар Садат ж-а Израилдин премьер-министри Менахем Бегин катышкан. Жолугушуунун катышуучулары Суэц каналы б-ча сүзүү режими, эки мамлекеттин ортосундагы дипл. мамилелерди түзүү, Араб- Израиль жаңжалдарын жоюу ж-дө макулдашышкан. А. Садат Газа секторундагы ж-а Иордан д-нын батыш жээгиндеги, о. эле Синай ж. а-ндагы Израиль басып алган аймактарды бошотууга жетишкен. Бирок М. Бегин Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму м-н сүйлөшүүдөн баш тартып, Иерусалим ш-нын батыш жагын (Иордан д. тарап) зордоп тартып алууну уланткан ж-а Голанд дөңсөөлөрүн Израилге өткөрүүнү талап кылган. Египет болсо палестиналыктардын өз тагдырын өздөрү чечүү принцибин коргогон.