КЫТАЙ 1: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫТАЙ – кыргыздардын сол канат уруу тобуна кирген чоң уруулардын бири. К. уруусу негизинен Талас, Чаткал ж-а азыраагы Чүй, Ысык- Көл өрөөндөрүндө жашап, майда топтору Тянь- Шанда да кездешет. Оозеки санжырага байланыштуу К. уруусунун аталышы ушул урууга негиз салган адам же анын ылакап атынан калган деп түшүнүүгө болот. Бирок казак, өзбек, каракалпак, башкырлардын курамында дагы К. уруулары кездешет, ошондуктан ил. негизде алардын этностук түбү о. кылымдагы кара кытайлар (кидан) м-н байланышы бар болушу мүмкүн деген да көз караштар бар. Этнограф С. Абрамзон К-дын ичиндеги кыйранын курамында кара кытай уругу бар экенин эскертет ж-а төмөн тамга тобунун биринде төрдөш деген урукту байыркы түрктөрдүн тардуш уруусуна салыштырат. «Мажму ат-Таварихте» Куу уулдун 6 уулу болуп, анын бири Сунжек Кытай баатыр (Хытай-бахадур) экени айтылат. Генеол. уламыштар б-ча К-дын Байтике, Буудай ж-а Бөгөжү деген уулдары болгон. Байтикенин Төңтөгөр деген баласынын тукуму 16, Кыйра деген уулунун тукуму 12 урукка тарап, булар жалпы жогору тамга, Буудайдын балдары 8 топтон туруп, төмөн тамга, ал эми Бөгөжүнүн тукуму өз аты м-н аталып калган.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан
тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.
Р. Жолдошов.