КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – эл аралык жогорку окуу жайы. 1993-ж. КР Президентинин ж-а КР Өкмөтүнүн жарлыгы м-н уюшулган. Ун-т европ.-амер. жаңы струк­туранын негизинде иштейт. Социалдык-гумани­тардык ф-ттери, Укук ж-а бизнес, Эл аралык медицина жогорку мектептери, Чет тилдер, Мультимедиа, Менежмент, Бизнес, Туризм, Аралыктан билим берүүдөгү Кыргыз-Россия, Кыргыз-Индия (Индиядагы И. Ганди ун-ти м-н бирдикте) ин-ттары, Эл аралык билим берүү ака­демиясы, Эл аралык билим берүү борбору, 5 ИИИ, о. эле юриспруденция, экономика, инфор­матика, системалык анализ ж-а башкаруу, ме­нежмент б-ча 2 жылдык магистратура ж-а 2 коллежи бар. Укук, бизнес ж-а компьютердик технология б-ча Каракол, Ош, Жалал-Абад ш-нда филиалдары ачылган. Окуу бюджеттик ж-а контракттык негизде күндүзгү ж-а сырттан

окуу бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Кадрлар­ды даярдоодогу окуу-методикалык иштери ың­гайлуу шартта бөлүштүрүлүп, адис профессор­окутуучулар, белгилүү окумуштуулар эмгекте­нишет. Ректору – А. Айдаралиев (1993-жылдан).