КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОРУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОРУ – Кырг-ндын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилер. Аларга мамл. туу, герб ж-а гимн кирет. Көз каранды эмес респ. болуп жарыяланганга чейин мамл. символикалардын бардык түрүндө коммунисттик идеологиянын белгилери (орок-балка, 5 бурчтуу жылдыз, пролетар-


дык ураан ж. б.) сакталып келген. Кырг-н эгемендүү мамл. болуп жарыялангандан кийин КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан 1992-ж. 3-мартта мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси болуп, кызыл түстөгү туу (авторлору – С. Иптаров, Б. Жайчыбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков, Э. Айдарбеков), ошол эле жылы 18-декабрда мамл. гимн (авторлору – Ж. Садыков, Ш. Кулуев, К. Молодобасанов, Н. Давлесов), 1994-ж. 14-январда мамл. герб (авторлору – А. Абдраев, С. Дубанаев) кабыл алынган.

Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
Кайырма:
Аткарылып элдин үмүт-тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата-салтын, мурасын
Ыйык сактап, урпактарга берели.
Кайырма: