КЫРГЫЗ-НОР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ-НОР , К ы р г ы з-Н у р (моңголчо Хирхис-Нор) – Түн.-Батыш Моңголиядагы көл.
К.-Н-дун аталышына байланыштырып, аны кээ бир окумуштуулар (В. Бартольд, Л. Кызласов) кыргыздардын байыркы мекени катары тү-
шүнүшкөн. Буга кытай хроникаларындагы кыргыздардын ээлиги хунн ханынын (к. Модэ шанүй) ордосунан 7 миң ли батыш, Чеши өлкөсүнөн 5 миң ли түштүктө жайгашкан деген маалымат себеп болгон. 1987–2000-ж. бул жерде археол. казуулар жүргүзүлүп, о. кылымга чейин гяньгунь-кыргыздардын жашабагандыгы далилденген. Айрым окумуштуулардын (Л. Боровкова, Ю. Худяков) пикири б-ча кыргыздардын ээлиги Дзосотын-Элисун чөлүнүн батышы, чыгыш Тянь-Шандагы Боро-Хоро тоолорунун түндүгүнөн орун алып, жужаңдардын кысымы м-н 5- ж-а 6-к-дын 1-жарымында гана Енисейге жылышкан (к. Кыргыздар, Кыргыз кагандыгы). Уйгур кагандыгынын талкаланышы м-н (840) К-Н. кыргыздардын карамагында калган.
Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бутанаев В. Я., Худяков Ю . С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или каракыргызы. Б., 2001.
Э. Турганбаев.