КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ</b> К. О р о з о в а т н | <b type='title'>КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ</b> К. О р о з о в а т ы н д а – музыкалык коллектив. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филар­мониясында Кыргыз эл аспаптар оркестри де­ген ат менен уюшулган. 1961-жылы К. Орозовдун ысмы берилген. Кырыгз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген коллек­тив. Оркестр добуштарынын угумдуулугу жак­шыртылган, мүмкүнчүлүгү кеңейтилген кыл кыяк-прима, кыл кыяк-альт, кыл кыяк-бас жана кыл кыяк-контрабас, комуз-прима, комуз-­секунда, комуз-альт, комуз-бас жана добулбастан турат, оркестрге, ошондой эле гобой, флейта, фагот, англ. рожок, бас-кларнет, флейта-пикколо жана төрт кылдуу домбра-тенор, биринчи, экинчи партиядагы домбра-прима жана башка аспаптар кош­толуп ойнолот. Оркестрдеги кыргыз эл аспап­тары (комуз, кыл кыяк) биринчи жолу 1935-, 1938–1940-, 1952–1953-жылдары жакшыртылган. Оркестр­де темир комуз да пайдаланылат. Оркестрдин уюштуруучусу жана алгачкы көркөм жетекчиси, башкы дирижёру (1936–1949) композитор П. Ф. Шубин, туңгуч аткаруучулары <i>Муратаалы, Карамолдо, Чалагыз, Молдобасан, Калык, Ыбырай, Осмон­кул, Атай, Муса</i> сыяктуу залкар комузчулар болгон. Алар чыгармаларды нотанын жардамы­сыз (угуу менен) ойношкон. Оркестрдин биринчи көрсөтмө-сыноо концерти 1936-жылы 18-майда Фрунзеде комузчулар Карамолдо, Молдобасан, ырчылар Абдылас, Муса, А. <i>Боталиев,</i> А. <i>Кут­тубаеванын</i> жана музыкалык драма театрынын хору­нун катышуусу менен өткөн. Концертте Атайдын «Эсимде», Муратаалынын «Ботой», Абдыластын «Кызыл атчандар» жана башка ыр-күүлөр аткарылган. Оркестр 1939-, 1958-жылдары кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүктөрүнө, Орто Азия республика­ларынын жана Казакстандын биринчи (Фрунзе, 1942), экинчи Ташкент (1943) музыкалык он күндүк­төрүнө катышкан. 1940-жылдарда С. <i>Медетов</i>, К. <i>Молдобасанов</i>, Н. <i>Давлесов</i> өңдүү таланттуу жаштар менен толукталган. Оркестрде ар кай­сы жылдарда Ш. Шеркулов, Б. Кулболдиев, Б. Эгинчиев, А. Эшмамбетов, М. Козубекова, Т. Карымшаков, К. Үкүбаев, Б. Жандаров, А. <i>Аса­кеев</i>, Ч. <i>Исабаев</i>, Ж. Кыпчаков, Р. Мадварова, К. Кадыралиев, С. <i>Токтакунова</i> жана башка белгилүү музыканттар ойногон. Оркестрдин коштоосун­да С. Кийизбаева, С. <i>Бекмуратова</i>, А. Мырза­баев, С. Токтоналиев, Г. <i>Валиулина</i>, С. Суран­чиева, Г. Момушева, З. Шакеева, кийинки жыл­дары А. Ибраев, У. Полотов, Э. <i>Мойдунов</i>, Д. <i>Жалгасынова</i> жана башка ырчылар ырдаган, азыр К. Турапов, М. Дүйшөкеева, Т. Исабекова, Б. Бай­келова, Т. Черикчиева, Г. Байзакова, Ч. Төрөбе­ков, С. Балтаева жана башкалар ырдашат. Курамындагы аткаруучулар (60) негизинен музыкалык окуу жайла­рын жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бү­түргөн. Оркестр кыргыз композиторлорунун ыр­-күүлөрүн, ошондой эле дүйнөлүк классиктердин чыгар­маларын аткарат. 1967-жылы оркестрдин коллек­тиви профессионал коллективдердин бүткүл союздук кароосунун лауреаты деген наамды же­ңип алган. Түркия, Кытай, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө жана башкаларда гастролдо болгон. Оркестрдин башкы ди­рижёрлору: Ш. Орозов, А. Аманбаев, Ф. Наза­ров, Ш. Аралбаев, Б. Феферман, Н. <i>Давлесов</i>, А. <i>Жумакматов</i>, Э. Жумабаев, С. Жумалиев, Т. Томотоев, Б. Тилегенов, 2005-жылдан С. Ак­маталиев. <i>Б. Алагушов</i>. | ||
башкы дирижёру ( | |||
туңгуч аткаруучулары <i>Муратаалы, Карамолдо, | |||
Чалагыз, Молдобасан, Калык, Ыбырай, Осмон­кул, Атай, Муса</i> сыяктуу залкар комузчулар | |||
болгон. Алар чыгармаларды нотанын жардамы­сыз (угуу | |||
«Эсимде», Муратаалынын «Ботой», Абдыластын | |||
«Кызыл атчандар» | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
10:49, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ К. О р о з о в а т ы н д а – музыкалык коллектив. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Кыргыз эл аспаптар оркестри деген ат менен уюшулган. 1961-жылы К. Орозовдун ысмы берилген. Кырыгз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген коллектив. Оркестр добуштарынын угумдуулугу жакшыртылган, мүмкүнчүлүгү кеңейтилген кыл кыяк-прима, кыл кыяк-альт, кыл кыяк-бас жана кыл кыяк-контрабас, комуз-прима, комуз-секунда, комуз-альт, комуз-бас жана добулбастан турат, оркестрге, ошондой эле гобой, флейта, фагот, англ. рожок, бас-кларнет, флейта-пикколо жана төрт кылдуу домбра-тенор, биринчи, экинчи партиядагы домбра-прима жана башка аспаптар коштолуп ойнолот. Оркестрдеги кыргыз эл аспаптары (комуз, кыл кыяк) биринчи жолу 1935-, 1938–1940-, 1952–1953-жылдары жакшыртылган. Оркестрде темир комуз да пайдаланылат. Оркестрдин уюштуруучусу жана алгачкы көркөм жетекчиси, башкы дирижёру (1936–1949) композитор П. Ф. Шубин, туңгуч аткаруучулары Муратаалы, Карамолдо, Чалагыз, Молдобасан, Калык, Ыбырай, Осмонкул, Атай, Муса сыяктуу залкар комузчулар болгон. Алар чыгармаларды нотанын жардамысыз (угуу менен) ойношкон. Оркестрдин биринчи көрсөтмө-сыноо концерти 1936-жылы 18-майда Фрунзеде комузчулар Карамолдо, Молдобасан, ырчылар Абдылас, Муса, А. Боталиев, А. Куттубаеванын жана музыкалык драма театрынын хорунун катышуусу менен өткөн. Концертте Атайдын «Эсимде», Муратаалынын «Ботой», Абдыластын «Кызыл атчандар» жана башка ыр-күүлөр аткарылган. Оркестр 1939-, 1958-жылдары кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүктөрүнө, Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын биринчи (Фрунзе, 1942), экинчи Ташкент (1943) музыкалык он күндүктөрүнө катышкан. 1940-жылдарда С. Медетов, К. Молдобасанов, Н. Давлесов өңдүү таланттуу жаштар менен толукталган. Оркестрде ар кайсы жылдарда Ш. Шеркулов, Б. Кулболдиев, Б. Эгинчиев, А. Эшмамбетов, М. Козубекова, Т. Карымшаков, К. Үкүбаев, Б. Жандаров, А. Асакеев, Ч. Исабаев, Ж. Кыпчаков, Р. Мадварова, К. Кадыралиев, С. Токтакунова жана башка белгилүү музыканттар ойногон. Оркестрдин коштоосунда С. Кийизбаева, С. Бекмуратова, А. Мырзабаев, С. Токтоналиев, Г. Валиулина, С. Суранчиева, Г. Момушева, З. Шакеева, кийинки жылдары А. Ибраев, У. Полотов, Э. Мойдунов, Д. Жалгасынова жана башка ырчылар ырдаган, азыр К. Турапов, М. Дүйшөкеева, Т. Исабекова, Б. Байкелова, Т. Черикчиева, Г. Байзакова, Ч. Төрөбеков, С. Балтаева жана башкалар ырдашат. Курамындагы аткаруучулар (60) негизинен музыкалык окуу жайларын жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Оркестр кыргыз композиторлорунун ыр-күүлөрүн, ошондой эле дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын аткарат. 1967-жылы оркестрдин коллективи профессионал коллективдердин бүткүл союздук кароосунун лауреаты деген наамды жеңип алган. Түркия, Кытай, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө жана башкаларда гастролдо болгон. Оркестрдин башкы дирижёрлору: Ш. Орозов, А. Аманбаев, Ф. Назаров, Ш. Аралбаев, Б. Феферман, Н. Давлесов, А. Жумакматов, Э. Жумабаев, С. Жумалиев, Т. Томотоев, Б. Тилегенов, 2005-жылдан С. Акматалиев. Б. Алагушов.