КЯХТА КЕЛИШИМИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЯ́ХТА КЕЛИШИМИ (1727) – Россия м-н Кы­тайдын ортосундагы 1691-ж. манжурлар ба­сып алган аймактагы чек араны белгилөө ж-а орус-кытай соода мамилелери ж-дөгү келишим. 1727-ж. 21-октябрда орус элчиси С. Л. Владис­лавович-Рагузинский ж-а Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү – Чабин, Тегут ж-а Тулишендер Кях­та д-нын жээгинде жолугушуп, орус-кытай чек арасын аныктоо ж-а соода байланышын чың­доо ж-дө келишимге кол коюшкан. Бура кели­шиминин (1727) негизинде орус-кытай чек ара­сы такталып ж-а соода тартиби белгиленип, Пекинде орус дин кызматын ачууга Цинь өк­мөтүнүн макулдугу бекемделген. К. к. элчилер­ди кабыл алуу, дипл. кат алышуу шарттарын ж. б. маселелерди аныктаган. К. к. 19-к-дын ортосуна чейин орус-кытай мамилелеринин укуктук негизи болгон.