КЮНЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЮ́НЕР Николай Васильевич (14. 9. 1877, Тбили­си – 5. 4. 1955, Ленинград) – чыгыш таануучу, тарыхчы, этнолог, профессор. Негизинен Кытай, Япония, Кореянын тарыхын изилдеген. 1900-ж. Петербург ун-тинин чыгыш таануу ф-тин бүтүр­гөн. 1902–25-ж. Владивосток ш-ндагы чыгыш таануу ун-тинде, 1925-жылдан Ленинград мамл. ун-тинде иштеп, библиография, тарыхый булак­тарды таануу б-ча изилдеп, тарыхый жазмалар­ды которгон. 1950–53-ж. Н. Я. Бичуриндин эм­гегине («Собрание сведений о народах, обитав­ших в Сре'дней Азии в древние времена») кошумча түшүндүрмө берип, кайра бастырып чыгарган. Анын кытай тарыхый даректери б-ча жазган Түш. Сибирь, Борб. Азия, Ы. Чыгыш элдери ж-дө эмгеги («Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока») бул элдердин байыркы тарыхы ж-а бул жерде жашаган уруулардын этногенези ж-дө маанилүү эмгектин бири болуп эсептелет.