КЫШТЫМДАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫШТЫМДАР – Саян-Алтай ж-а Түш. Сибирде жашаган уруулар. Орус маалыматтары б-ча К. 17–18-к-да кыргыздарга көз каранды (к. Енисей кыргыздары), «түбөлүк кул», «укуксуз адамдар» болушкан. «Худуд ал-Аламда» кезиккен кыргыз урууларынын бири «кесимдер» (В. Ф. Минорский б-ча «кештим») К. болушу мүмкүн деген да пикирлер бар. К. кыргыздарга салык (аң-тери, темир шаймандары, курал-жарак ж-а тамак-аш азыктарынан) төлөп турган. Улус башкарган айрым кыргыз бектеринин кол алдында 500дөн 1000ге чейин К. болгон. Кыргыздар аларды коргоп, телеут, бурят, орус ж. б. м-н кагылышууларга барган. К. негизинен Обь д-нын бассейни Томь, Кондома, Мрас-Суу суулары ж-а Кузнецк Ала-Тоосунун токойлуу өрөөндөрү, Түн. Алтайдын Төлөс көлүнө чейинки аймакты ээлеген.