КЫТАЙДАГЫ ЭЛДИК БОШТОНДУК СОГУШ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫТАЙДАГЫ ЭЛДИК БОШТОНДУК СОГУШ (1946–49) – Кытайдагы жарандык согуш. Бул
боштондук согуш Кытай КП жетектеген күчтөр м-н АКШ колдогон гоминьдан партиясынын ортосунда чыккан. Экинчи дүйнөлүк согуштун
(1939–45) аягында Кытайды гоминьдан ж-а
Кытай КПнин өкүлдөрү эки башка башкарып, гоминьдан аскерлери м-н элдик куралдуу күчтөрдүн кагылышуулары болуп турган. Кытай КПнин жетекчилиги м-н элдик-демокр. биримдик фронту калыптанган. Гоминьданчылардын армиясын Чан Кайши жетектеген. 1946-ж. жайында гоминьдан армиясы АКШнын колдоосу м-н бошотулган аймактарга жалпы чабуул жасап, алардын бир бөлүгүн, а. и. Кытай КП БК турган Яньань ж. б. шаарларды басып алган (1947, март). 1947-жылдын ортосунда Элдик-боштондук армия дыйкандардын колдоосу м-н контрчабуулга өтүп, бошотулган аймактарда дыйкандар рев-яга жигердүү катышып, гоминьдан башкарган аймактарда жапырт иш таштоолор, толкундоолор ж-а дыйкан көтөрүлүштөрү чыккан. Улуттук буржуазия м-н интеллигенциянын гоминьдандык режимге нааразычылыгы күчөгөн. Натыйжада Элдик-боштондук армия гоминьдан аскерлери м-н болгон салгылашта чоң ийгиликке жетип, өлкөнүн көп
жерин бошоткон. 1949-ж. апрелде Бэйпинде (Пекин) Кытай КП м-н гоминьдан делегациялары сүйлөшүп, Кытай КП талап кылган шарт б-ча граждандык согушту токтотуу келишимин түзүшкөн. Бирок гоминьдан өкмөтү ал келишимди аткарбагандыктан, Элдик-боштондук армия 1949-ж. 21-апрелде кайра чабуулга өтүп, 1950-жылдын башында Кытайды (Тибеттен башкасын) толук бошоткон. Гоминьданчылар АКШ-нын куралдуу күчтөрүнө баш калкалоо үчүн Тайвань а-на качкан. 1949-ж. 30-сентябрда Кытай элдик саясий кеңеши Элдик өкмөт түзүп, 1949-ж. 1-октябрда Кытай Эл Респ-нын түзүлгөндүгү жарыяланган.