КЫРГЫЗ ТАЙГАНЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ ТАЙГАНЫ – аңчылыкта пайдаланылуучу ит тукуму. Тайган Борб. Азиядагы жерг. иттердин эң байыркы тукуму, жытчыл, жойчул, көрөгөч ж-а күлүк келет. Кырг-ндын аймагында тайгандарды байыртадан эле кармап келишкен. Кыргыздардын ата-бабалары сүрөттөгөндөй К. т. кызыл көздүү, куйругунун учу чагарак, өңү куу, сур, көк ж. б. О. эле кылыч сындуу, оңой бүгүлгөн куйруктуу тайгандар (таз тайган) да бар. Дөбөтүнүн бийикт. 60–70 см, канчыгы 55–65 см. К. т. аркар, тоо эчки, элик, карышкыр, түлкү, коён ж. б. аңга агытылган. Элдик аңыз кептерде аюуга, жолборско кол салган тайгандардын болгондугу тууралуу маалыматтар айтылат. Б. Солтоноев «Кызыл кыргыз тарыхы» эмгегин-

де 1840–50-жылдары бугу кыргызы Балбай Эшкожо уулунун Актаман аттуу тайганы жолборс алганын жазса, окумуштуу, проф. А. Алдашев: «Кыргыз тайганынын өтө келишимдүү, баш сөөгү бекем, тикирейген кыска кулагы, узун шыйрактары, кең көкүрөгү, ичине тартылып турган курсагы, орто узундуктагы сыртына карай ийрилип турган куйругу, кыска тыбыт жүнү м-н өзгөчөлөнүшү аталган тукумдун ойноктугунун ж-а күлүктүгүнүн белгиси»,– дейт. К. т. үрүү адатынын жоктугу, көзүнүн кызарып турушу, тайманбастыгы, жалгыз аңчылыкка чыгышы м-н айырмаланат. 20-к-да тийиштүү көңүл бөлүнбөгөндүк К. т-нын тукумунун азайышына шарт түзгөн. Кинолог Р. Д. Айталиев Байтик айлында өз демилгеси м-н тайганды кайра жаратуу борборун түзүп, таза кандуу К. т-н калыбына келтирүү ж-а көбөйтүү иштерин жүргүзүүдө.
Р. Айталиев.