«КЫРГЫЗСТАН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКЫ»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
v>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗСТАН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКЫ» – Кырг-ндагы ири коммерциялык банк, ААК. 1990-ж. «Кыргызстан» АКБ, 2006-жылдан «К. к. б.» болуп түзүлгөн. Ал банк операцияларынын бардык түрлөрүн ишке ашырат, о. эле Кырг-ндагы коммерциялык банктар арасында баалуу металлдар м-н иш алып барган жападан жалгыз банк. Кырг-нда 86 бөлүмү, банкоматтары ж-а терминалдары, акча которуунун (өлкө ж-а эл аралык) 10 системасы, 31 филиалы бар. Улуттук «Элкарт» төлөм системасынын катышуучуларынын лидери, о. эле эл аралык Visa International төлөм системасынын ассоциацияланган мүчөсү. 2003-, 2004- ж-а 2005-жылдары мыкты банк катары таанылган. Учурда 10 миңдей ишкананы ж-а 100 миңден ашуун кардарларды тейлейт.
Э. Үсөнов.