КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН АССАМБЛЕЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН АССАМБЛЕЯСЫ – КРдеги массалык коомдук уюм. 1994-ж. 21–22- январда Кыргызстан калкынын 1-курулта­йында уюшулган. Өзүнө бир нече улуттук-мада­ний борборду: «Иттипак» (уйгур), «Азери» (азер­байжан), «Вайнах» (ингуш), «Ата-Журт» (кара­чай), «Филия» (грек), «Наздар» (чех), «Гармо­ния» (орус), «Мзиури» (грузин), «Минги Тау» (кабарда-балкар), «Берегиня» (украин), «Отан» (казак), «Мидия» (күрд), «Менора» (еврей), «Барт» (чечен), «Романо-Дром» (цыган), «Сви­танок» (беларус) ж. б. бириктирет. Ассамблея­нын максаттары: коомду бириктирүүгө ара­кеттенүү, респ-нын бардык жашоочуларын баш коштуруу, улуттар аралык достукту бекемдөө, калктын рухий ж-а маданий кайра жаралуу­суна жардам көрсөтүү, тилди, салтты ж-а үрп-адатты өнүктүрүү. 1994-ж. 26-сентябрда Биш­кек достук үйү ачылып, Ассамблеянын обл. ж-а региондук бөлүмдөрү уюшулган. Ассамблея саясий ишмердүүлүгүндө Президент ж-а Өкмөт м-н биргелешип иш жүргүзөт. Респ-да улут ара­лык мамилелерди жөнгө салууда Ассамблеянын салымы зор.