КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЭЛЧИЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЭЛЧИЛИКТЕРИ – КРдин эл аралык мамилелерин жөнгө салуучу мекеме. 1991-ж. 26- декабрда СССР (к. Советтик Социалисттик Рес­публикалар Союзу) Жогорку Советинде СССРдин таратылышы тууралуу Декларация кабыл алынгандан кийин (к. Көз карандысыз мамле­кеттердин шериктештиги) бир нече өлкө (мис., АКШ, Түркия) Кырг-нды өз алдынча мам­лекет катары тааный турганын билдиришкен. Алгачкылардан болуп 1992-ж. 1-февралда АКШ, 28-мартта Түркия, көп узабай РФ, Кытай, Гер­мания, Япония ж. б. мамлекеттердин элчилик­тери ачылган. Кырг-н 1992-ж. 2-мартта БУУга (Башкы Ассамблеянын 46-сессиясы), андан ки­йин ЮНЕСКОго мүчөлүккө кабыл алынган. 2000-ж. чейин Кырг-нды дүйнөнүн 135 өлкөсү таанып, а. и. 96 өлкө м-н дипл. мамиле түзүлсө, 2000–12-ж. дүйнөнүн бардык мамлекети таанып, 116 өлкө м-н дипл. байланыш бар. Кырг-н Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк соода уюму, Дүйнөлүк банк, ЭВФ ж. б. уюмдарга мүчө.