КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ – </b> | <b type='title'>КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ – </b>искусствонун <i>живописи,айкелди, графиканы,</i> ошондой эле фото искусствону бириктирүүчү бөлүгү. Чындыктын тааныш, көргөзмөлүү образы Көркөм сүрөт искусствосунун чыгар­маларынын негизин түзөт. Өзгөчөлүгүнө жара­ша Көркөм сүрөт искусствосунун ар бир түрү курчап турган дүй­нөнүн көлөм, түс, мейкиндик сыяктуу сапатын, ошондой эле предметтердин чыныгы формасын жана жарык-аба чөйрөсүн өзүндөй чагылдырат. Ошо­го карабастан көп чыгармалар окуянын убак­тылуу өөрчүүсүн, күчөтүлгөн баяндаманы кам­тышы мүмкүн. Көркөм сүрөт искусствосу адамдын жан-дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн ачып көрсөтүп, окуянын психологиялык жана эмоциялык мазмунун чечмелөөсү мүмкүн, башкача айтканда, ошол доордун руханий, эстетикалык, фи­лософиялык жана этикалык идеялары көркөм сүрөт искусствосунун маани­-мазмунун түзөт. Адамдардын аң-сезиминин өсү­шү жана алардын дүйнөгө көз карашынын ка­лыптанышы менен элдик идеяларды чагылдыруу­нун формасы катары көркөм сүрөт искусствосунун мааниси ар­тууда. | ||
<i> | |||
кулк-мүнөзүн ачып | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
08:48, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ – искусствонун живописи,айкелди, графиканы, ошондой эле фото искусствону бириктирүүчү бөлүгү. Чындыктын тааныш, көргөзмөлүү образы Көркөм сүрөт искусствосунун чыгармаларынын негизин түзөт. Өзгөчөлүгүнө жараша Көркөм сүрөт искусствосунун ар бир түрү курчап турган дүйнөнүн көлөм, түс, мейкиндик сыяктуу сапатын, ошондой эле предметтердин чыныгы формасын жана жарык-аба чөйрөсүн өзүндөй чагылдырат. Ошого карабастан көп чыгармалар окуянын убактылуу өөрчүүсүн, күчөтүлгөн баяндаманы камтышы мүмкүн. Көркөм сүрөт искусствосу адамдын жан-дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн ачып көрсөтүп, окуянын психологиялык жана эмоциялык мазмунун чечмелөөсү мүмкүн, башкача айтканда, ошол доордун руханий, эстетикалык, философиялык жана этикалык идеялары көркөм сүрөт искусствосунун маани-мазмунун түзөт. Адамдардын аң-сезиминин өсүшү жана алардын дүйнөгө көз карашынын калыптанышы менен элдик идеяларды чагылдыруунун формасы катары көркөм сүрөт искусствосунун мааниси артууда.