КӨП БУРЧТУК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨП БУРЧТУК – түз сызыктын удаалаш ко­шулган кесиндилеринен, б. а. сынык сызыктар­дан түзүлгөн туюк фигура. Айрым учурда сы­нык сызыктар м-н чектелген тегиздиктин бөлүгү да К. б. деп аталат. К. б-тун бардык чокулары бир тегиздикте жатса ж а л п а к К. б. деп, ал эми айрым чокулары тегиздикте жатпаса анда алар м е й к и н д и к т и к К. б. деп аталат.

Сынык сызыктар (кесиндилери) К. б-тун жак­тары, ал эми сынык сызыктын учтары анын чокулары деп аталат. Элементардык геометрияда жөнөкөй, б. а. анын контуру өзүнчө кесилиш­пеген К. б-тар колдонулат. Ар бир чокусунан эки гана жагы чыккан, жактары жалпы чекитке ээ (чокулары жактарына тиешеси болбогон), чо­кулары жактарында жатпаган К. б-тар жөнө­көй болуп эсептелет. К. б. жөнөкөй болбосо, жылдызчаланган К. б-тар деп аталат. Эгер К. б., анын кандайдыр бир жагы жаткан түз сызык­тын бир тарабында, же бардык диоганалдары К. б-тун ичинде жатса, анда ал т о м п о к. К б. деп аталат. Каалаган жөнөкөй К. б-тун ички бурчтарынын суммасы 180°(n-2)ге барабар, мын­да n – жактарынын саны. К. б. айрым учурда жактарынын санына ылайык n бурчтук деп ата­лат, мында n::3. К. б-тун бардык жактарынын суммасы периметри деп аталат. Бардык жак­тары ж-а бардык бурчтары өз ара барабар бол­гон К. б. т у у р а К. б. деп аталат. Жактары­нын саны n болгон туура К. б. үчүн төмөнкүдөй катыштар орундалат: борб. бурчу a=360°/n, тышкы бурчу P=360°/n, ички бурчу y=180°–P. Эгер К. б-ка сырттан сызылган айлананын радиусу R, ал эми ичтен сызылган айлана­нын радиусу r деп белгиленсе, анда К. б-тун жагы a 2 R2 r2 2r sin a 2rtg a болот. Аян- ты 2 2 2 2 S nar nr2tg a nR2 sin a 2 деп табылат. Ке-

ңири белгилүү К. б. үч бурчтук, төрт бурчтук, беш бурчтук ж. б. (к. чийме).