КӨҢДӨЙЧӨ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨҢДӨЙЧӨ физикада - жарым өткөргуч
кристаллдагы кыймылдуу злектрондук бош
орун (вакансия). К. - жарым өткөргучтөгу оң
заряддуу бөлукчө. Анын зарядынын абс. мааниси электрондукуна барабар. К. жарым өткөргучтө электрондор м-н бирдей электр тогун алып
журөт. К. - катуу нерсенин энергиялык зонасында электрон ээлебеген кванттык абал. К-нун
энергиялык зонасынын жогорку чегинде пайда
болгон кыймылы, сырткы электр талаасынын
таасири м-н пайда болгон электрондордун толуп калган энергиялык зонасындагы кыймылына эквиваленттуу. К - өткөргучтук электрондору сыяктуу эле кристаллдардын электрондук
системасынын динамикалык касиетин аныктоочу квазибөлукчө. К-нун натыйжалуу массасы
өткөргучтук электрондукунан демейде чоң, ал
эми кыймылы аз. Жарым өткөргучтөрдө К. валенттик зонанын жогорку чегинде пайда болот.
Өткөргучтук зонасы толук толбогон металлдарда ж-а жарым металлдарда К. тушунугу айрым
учурда, электрон ээлебеген, Ферми деңгээлинен,
б. а. абс. нөл темп-рада электрондор жайгашкан
эң жогорку энергиялык деңгээлинен төмөн абалды ээлейт.