КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА - 1) ар турдуу экон. мамилелердин жыйындысы; 2) экон. ишмердик­тин эсепке алынбаган, жөнгө салынбаган ж-а мыйзамдарга каршы келген туру. Айрым өлкө­лөрдө салык башкармалыгына маалыматы тушпөгөн товарлар ж-а кызмат көрсөтуулөр м-н алмашуу жургузуу К. э. деп аталат. АКШ экономисттеринин баасы б-ча АКШда К. э. жугуртуу 1989-ж. 750 млрд долларды тузгөн.
АКШнын кээ бир экономисттеринин пикири б-ча К. э-нын кесепетинен салык көбөйөт же инфляция өсөт, анткени К. э-да табылган акча­дан салык алынбагандыктан, анын натыйжа­сында мамлекет ала турган кирешесинин көп миллиарддаган долларын жоготот да, анын ор­дун толтуруу учун салыкты көбөйтуугө мажбур болот. К. э-ны көп учурда «экинчи» экономика деп аташат, ал расмий экономикалык система начарлаган же булунгөн учурда жолтоо болбос­тон, ага жардам беруу негизги милдети болгон өндуруштук структура катары чыгышы мумкун.
Ошентип, экон. төмөндөө учурунда жашырын киреше булактары бар керектөөчулөр тигил же бул товарга же кызмат көрсөтуулөргө кошумча талап коюшат, бул өндуруштун өсушунө өбөлгө тузөт. Тартыштык шартында рынок жашырын өндурулуучу же сырттан алынып келуучу товар­лар ж-а кызмат көрсөтуулөр м-н толтурулат, бул инфляциялык процессти токтотууга мумкундук берет. Кыйын мезгилде, мис., ачарчылык учу­рунда, К. э. азык-тулук сатып алууда оң роль ойнойт. Экон. ад-ттарда төмөнкудөй элементте­ри бөлуп көрсөтулөт: 1) формалдуу эмес эконо­мика; 2) жалган экономика; 3) «экинчи» эконо­миканын жашырын бөлугу; 4) «жашырын» эко­номика. Биринчи элементи борб. экон. орган­дардын, тармактык башкаруу органдарынын, бирикмелердин ж-а ишканалардын ортосунда өзгөчө «соода» процессинде иштейт. Жалган эко­номика продуктунун баасында жалган нарк, жалган керектөө наркы ж-а жалган компонент­тер турундө көрунөт. Кошуп жазуулар, финан­сы тартибин бузуулар К. э-нын бул элементи­нин иштөө механизми катары эсептелет. «Жа­шырын» экономикага мыйзамсыз өндуруш иш­мердиги кирет. Керектөө секторунда алып са­тарлык негизги элементи болгон жашырын рынок «жашырын» экономиканын өзгөчө туру болуп саналат. К. э. базистик категория бол­гондуктан, ал тиешелуу структураларды: расмий эмес укукту, этиканы, өзунун тышкы ж-а ички коопсуздук кызматын, парламенттик калканч­ты, жашыруунун өздук идеологиясын пайдала­нууга мажбур болот.