КӨКӨМЕРЕН ГАББРО КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨКӨМЕРЕН ГА́ББРО КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал районундагы Кызыл-Ой кыш-нан 5–6 км түн.-чыгыш тарапта, Көкөмерен капчыгайынын оң жак өйүзүндө, Бишкек – Арал жолунун боюн­да жайгашкан. 1954-ж. табылган. Кен аймагын ордовик м-н силурдун интрузиялары түзөт. Габб­ро силур мезгилинде пайда болуп, туурасы 2 км­ге жеткен тегерек шток түрүндө. Көкөмерен суу­сунун нугунан 300 м бийик көтөрүлүп чыгып турат. Этегиндеги кесек сыныктары 5–6 га ай­макты ээлейт. Габбро каралжын боз, кара түс­тө. Негизинен роговая обманка м-н магнетит­тен турат. Курамында кварц жок болгондуктан, оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Сайкалдан­ган бети бир өңчөй түстү берип, тегиз жылма­ланат, күзгүдөй жалтырайт. Запасы 100 миң м3. Кесек шагылдан 5 дм3ден 0,5 м3 блок алууга бо­лот. Габбро имараттарды, монументти кооз­доп беттөөгө ж-а кооз буюмдарды жасоого жа­рактуу.