КӨКӨМЕРЕН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨКӨМЕРЕН (көк ж-а моңголчо мөрөн – суу; көк суу) – Жумгал районунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарын д-нын оң куймасы. Жалпы уз. 199 км, алабынын аянты 10400 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2800 м. Суусамыр м-н Батыш

Каракол сууларынын кошулган жеринен К. аталат. Ири куймалары: Муз-Төр, Жаман-Эчки, Ак- Суу, Жоо-Жүрөк, Ой-Кайың, Көбүк-Суу, Жумгал, Миң-Куш. Мындан тышкары 100дөн ашык майда куймалары бар. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Көп жылдык орт. чыгымы 80,3 м3/сек; эң көбү июнда (215 м3/сек), азы мартта (29,7 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Октябрь–ноябрда тоңо баштап, март–апрелде муздан арылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кызыл-Ой, Арал, Сары- Булуң, Өрнөк кыш. орун алган.