КӨБҮК-СУУ ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨБҮК-СУУ ТУЗ КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал районунда, Сары-Камыш кыш-нан 8 км түш. тарапта, деңиз деңг. 1200–1500 м бийикте. Геол. издөө иши 1973-ж. жүргүзүлгөн. Таш көмүр мезгилинде пайда болгон туздуу катмарда калыңдыгы 19,8–22,1 м, уз. 800–900 м жеткен галит минералы бар кабат изилденген. Кабаттагы чопо, кум ж-а шагылдын өлчөмүнө жараша хлордуу натрий 35,79–56,1%тен 69,98–71,45%ке чейин өзгөрөт. Малга тоют туз катары пайдаланса болот. Запасы С2 категориясы б-ча 300 миң т.