КӨБӨКОВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨБӨКОВ (Кабеков, Кобеков) Имаш Кудайбергенович (20. 5. 1892, Пишпек уезди Константиновка кыш. – 28. 2. 1928, Фрунзе) – Кырг-нда Совет бийлигин орнотуп, аны чыңдоонун активдүү катышуучусу. 1915-жылдары Чүй өнөр жай курулушунда иштеп, ал жерден А. И. Иваницын м-н таанышкандан кийин рев-ячыл ишмердигин баштаган. 1917-ж. май айында Х. Хасанов м-н бирге Кедей-кембагалдар союзун түзгөн. Кийин ал «Букара» союзу деп аталып, 1918-ж. октябрь айынан анын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Эсерлер партиясынын мүчөсү (1918-ж. чейин), Жумушчу-дыйкандар советинин аткомунун мүчөсү (1918). Жумушчудыйкандар советинин Пишпек уезддик 1-съездинин РКП(б)нин мусулмандар бюросунун уезддик к-тинен жалпы кыргыз съездине делегат (1919). 1920-жылдын январынан Пишпек уездинин аскер комиссары, о. эле уезддин мамл., парт. органдарында иштеген.
Ад.: Семенков В. Большевик Имаш Кобеков //Литературный Киргизстан. 1966, ¹ 2.