КОШУЛБОО КЫЙМЫЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КОШУЛБОО КЫЙМЫЛЫ – жарыша куралда­нууга, «кансыз согушка» каршы пайда болгон бейтараптык кыймыл. 1955-ж. 24-апрелде Индо­незиянын Бандунг ш-нда өткөн конф-яда (Азия­нын 23, Африканын 6 мамлекетинен 340 деле­гат катышкан) К. к. түзүлгөн. Ага кирген мам­лекеттер өздөрүнүн бейтараптуулугун ж-а ар кандай саясий уюм, блокторго кошулбай тур­гандыктарын жарыялап, согуштук-саясий блок­торго кирбөө ж-а антиколониялык, эл аралык куралсыздандыруу ж-а Түн. Африка мамле­кеттерине эгемендүүлүк берүү талаптарын койгон. 2006-ж. 116 өлкө К. к-на мүчө болгон. Конф-яларын өткөрүп турат.


Ад.: Алимов Ю. И. Неприсоединение: история, теория, проблемы. М., 1990; Агаев Э., Крылов С. 116 государств в движении неприсоединения // Между­народная жизнь. 2006. ¹ 4.