КОЧКОР ГНЕЙС КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЧКОР ГНЕЙС КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Балыкчы ш-нан 45 км түш.-батыш тарапта, Кара-Коо тоосунун түн. капталындагы Кыргоо сайында. 1972-ж. геол. иштер жүргүзүлгөн. Кен аймагын протерозойдун аягында пайда болгон акиташ, сланец ж-а гнейс тоо тектери түзөт. Жука катмарчалуу, темгилдүү гнейс кооз таш катары курулушка жарактуу. Мындай гнейстер 3 га аянтты ээлеп, алардан чыккан блоктордун өлчөмү 0,10x0,2 смден ашпайт. Запасы 300 миң м3. Темгилдүү гнейстердин негизги массасы (60%) кызгылт боз түстө болуп, эллипс, көзчө, линза формасындагы кызгылт, ак темгилдерден турат ж-а 1,5 га аянтты ээлейт. Блоктордун орт. өлчөмү 0,2 м3ден ашпайт. Оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Запасы 125 миң м3. Гнейстерден кооз буюмдарды, дубалдарды кооздоп каптоочу такталарды жасоого болот.