КОЧКОР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЧКОР , К а р а - К о о – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Райондун ж-а Кочкор айыл округунун борбору. Кочкор суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1780 м бийикте жайгашкан. Балыкчы т. ж. бекетинен 55 км. Калкы 9,9 миң (2009); негизинен мал м-н алекте-

нип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Төрт орто мектеп, китепкана, 3 бала бакча, кинотеатр, мад-т үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт. 19-к-дын 2-жарымында уйгур, өзбек соодагерлери негиздеген. Кийинчерээк орус дыйкандары көчүрүлүп келип, Столыпин деп аташкан. 1916-жылкы үркүндө орустарды жерг. кыргыздар сүрүп чыгарып, аты кайрадан Кара-Коо аталган.