КОТОН ЖАРА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОТОН ЖАРА – организмдин бардык орган ж-а системасын жабыркатуучу эң оор жугуштуу оору, с и ф л и с и. Венера ооруларына кирет. Аны трепонема микробу пайда кылат. Теринин же былжыр челдин кичине эле жабыркаган жери аркылуу жугуп, ал теридеги майда кан тамырлар м-н бүт денеге тарайт. Инфекция оорулуу кишиден негизинен жыныстык катнашууда жугат. Кээде тиричилик буюмдары (тиш жуугуч щетка, сүлгү, идиш-аяк ж. б.) аркылуу да жугушу ыктымал. Микроб жуккандан 3–4 жума өткөндөн кийин (жашыруун мезгили) козгогуч кирген жерде (жыныс органы, эринде, тилде) алгачкы белгиси – катуу ш а н к р пайда болот. Катуу шанкр – анча чоң эмес, тегерек же сүйрү берч сымал түбү катуу жара. Ал, адатта, кычышпайт, оорубайт, дене темп-расы көтөрүлбөйт. Эгер жыныстык катнашуудан жукса, катуу шанкр жыныс мүчөлөрүнө чыгат. Жыныс мүчөсү шишимик тартат. Аялдын жатын моюнчасына катуу шанкрдын чыкканы билинбей жүрө берип, башкаларга жугуза берет. Катуу шанкр пайда болгондон бир нече күндөн кийин ага жакын лимфа түйүндөрү чоңоё баштайт. Бир канча жумадан кийин катуу шанкр жакшы боло баштайт. Бирок боз трепонема микробу көбөйүп, лимфа ж-а кан тамырлар аркылуу бүт организмге тарайт. Эгер дарылабаса оорунун 1-мезгили 2-мезгилине өтө баштайт. Анда адамдын бүткөн бою салмактанып, сөөк сыздайт, темп-ра көтөрүлөт. Денеге, кол, бутка түрдүү кызгылт бүдүрлөр (розеола) ж-а сары-кызыл түстөгү түйүнчөлөр (папула) пайда болот. Папула эриндин ич жагында, тилде, тамакта ж. б. болуп, дени соо адамдарга коркунуч туудурат. Чач, каш, сакал-мурут түшө баштайт. К. ж-нын бул мезгили бир нече жыл созулуп, бирде айыгып, кайра кайталанып турат. Андан кийин үчүнчү мезгил башталат. Мында ички органдар, нерв ж-а сөөк системалары жабыркайт. Оорулуунун терисинде чоң тоголок түйүн – гумма пайда болот. Гумма жарасы муун, тамак, мурун, боор, жүрөк, өпкө, мээ ж. б. мүчөлөрдү жабыркатып, өмүргө коркунуч туудурат. Эгер гумма мурун сөөгүнө чыкса, мурун кебетеси бузулат. Нерв системасы жабыркаганда, жүлүндүн нерв ткандары бузулуп, омуртка бычак м-н сайгандай ооруйт, заара ушатуу, заңдоо бузулат, көрүү нерви атрофияга учурап, сокур болот. К. ж-ны дарылабаган же туура эмес дарыланган ата-энеден түйүлдүккө жугат, бала жакшы өспөй 5–6 айында бойдон түшөт же ара
төрөлөт, же оорулуу төрөлөт. Тубаса оорулуу баланын сөөктөрү өсүп жетилбей, нерв системасы, көрүүсү, угуусу начар болуп, баланын буту, колунда, жыныс мүчөлөрүндө жара байкалат. Көбү 1 жумада же 1 айда өлүп калат. Алар начар, жай өсөт, соо балдарга караганда акыл-эси кемирээк келет. Дарылоону врач жүргүзөт. Өз убагында үзгүлтүксүз, туура дарылоодон оорулуу айыгып кетет. Алар тери-венерол. ооруканада дарыланат. Тубаса К. ж-нын алдын алуу үчүн кош бойлуулардын каны текшерилет. О. эле аялдар баш аламан жыныстык катнашууга барбашы керек (к. Венера оорулары).