КОСОВО ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОСОВО ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ (1389) – сербиялык-босниялык аскерлер м-н түрк султаны Мурад Iнин ортосундагы согуш. 1389-ж. 15-июнда азыркы Приштин ш-на жакын жерде, Косово талаасында князь Лазарь башында турган 15–20 миң сербиялык-босниялык аскерлер түрк султаны Мурад Iнин армиясынан (27–30 миң) жеңилген. Лазарь туткунга түшүп, өлтүрүлгөн ж-а 50 миңдей серб аскери мууздалган. Согуштун жүрүшүндө Мурад I өзү да өлүп, (жаш серб Милош Обилич канжар м-н сайган), анын ордун баскан Баязид I (Мурад Iнин уулу) туткундарды өлтүрүүгө буюрган. Бул салгылашуудан кийин түрктөргө Дунай, Сава ж-а Тимока д-нын алабындагы аймактар өткөн ж-а Сербия Осмон империясына көз каранды болуп, 1459-ж. анын курамына толук киргизилген.