КОСМОНАВТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОСМОНА́ВТИКА (космос ж-а гр. nautike – кеме башкаруу өнөрү), а с т р о н а в т и к а – космос­ко учуучу аппараттарды пайдалануу м-н космос­т у ж-а Жер ден т ышк аркы объек т иле рди изилдөөчү, өздөштүрүүчү илим ж-а техника тар­мактарынын жыйындысы. К. төмөнкү пробле­маларды камтыйт: космоско учуу теорияла­рын – траекторияны эсептөө ж. б.; ил.-тех. ра­кеталарды, кыймылдаткычтарды, башкаруунун борттук системаларын, автоматтык станциялар­ды ж-а космос кемелерин, ил. борборлорду констр-лоо, траекториялык ченөө жүргүзүү ж. б.; медицина-биол. тиричиликти камсыз кылуучу борт системаларын түзүү, адам организмине таа­сир этүүчү кошумча иш, салмаксыздык, радиа­ция м-н байланышкан жагымсыз кубулуштар­ды калыбына келтирүү; Эл аралык – космос мей­киндигин изилдөө, пайдалануу ж. б. К-нын не­гиздөөчүлөрү – физик-математик К. Э. Циолков­ский, амер. физик Роберт Годдард ж-а Эно-Пель­три. Космос заманынын башталышы – СССРде 1957-ж. 4-октябрда Жердин жасалма жандоо­чусунун, 1961-ж. 12-апрелде Ю. Гагариндин кос­моско биринчи учушу, 1969-ж. 21-июлда АКШ-нын астронавттары Н. Армстронг ж-а Э. Олд­рин башкарган «Аполлон – 11» космос кемеси­нин Айдын бетине биринчи конушу. Сов. «Мир» (орбитада 20. 2. 1986–23. 3. 1986) ж-а АКШнын «Скайлэб» (орбитада 14. 5. 1973–11. 7. 1979) кос­мостук станциялары курулган. Бул станциялар­да космонавттар бир нече айга чейин болуп, ил. технол. ж-а биол. эксперименттер жүргүзүлүп, метеорол. кубулуштар изилденүүдө. Келечекте Айга туруктуу база түзүү ж-а Марска бир канча адамдардан экспедиция жиберүү пландалууда. О. эле Эл аралык «Альфа» орбиталык космос­тук станциясын куруу максаты турат.