КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРУМДУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Тескей Ала-Тоонун түн. капталында жайгашкан өрөөн ж-а татаал өрөөн тибиндеги 2 ири мөңгү. Тоң суусунун оң куймасы – Корумдунун башында. Жалпы уз. 7,4 км, аянты 10,4 км2. Башы деңиз деңг. 4420– 4460 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийикт. 3940–3960 м, абляциясынын аян­ты 2,0–2,6 км2. Мөңгүлөрдөн Тоң суусунун оң куймасы – Корумду суусу башталат.