КОРРОЗИЯГА ЧЫДАМДУУ МАТЕРИАЛДАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРРОЗИЯГА ЧЫДАМДУУ МАТЕРИАЛДАР</b> – | <b type='title'>КОРРОЗИЯГА ЧЫДАМДУУ МАТЕРИАЛДАР</b> – чөйрөнүн таасирине туруктуу материалдар. Алар кислота, щелочь жана бузгуч газ жана башкалар менен иштөөчү аппараттарды, түтүктөрдү, курулуш жабдыкта­рын жана башкаларды жасоо үчүн керектелет. Коррозияга чыдамдуу материалдар бир чөйрөдө тез бузулса, экинчи чөйрөдө коррозия­га туруктуу келет. Алар табиятына жараша металл жана металл эмес болуп бөлүнөт. Металл материалдар өз алдынча конструкция же атайын жабуучу материалдар түрүндө колдонулат. Мисалы, темирдин хром менен куймасы (дат баспоочу бо­лот), титан, цирконий, молибден куймалары газ чөйрөдө жогорку температурада да кычкылданбайт. Асыл металлдар (платина, алтын) газдарда жана көпчүлүк суюктуктарда өзгөрбөйт. Болот­тун коррозияга туруктуулугун жогорулатууда ага 40%га чейин никель же 1,5% жез кошулат. Металл эмес коррозияга чыдамдуу материалдар каптоочу, лактап өңдөөчү жана көркөмдөөчү материал катары колдонулат. Алар органикалык жана органикалык эмес болуп бөлүнөт. Органикалык эмес­терге графит, алюмосиликаттар, таза кремне­зём жана башкалар кирет. Кварц айнеги көпчүлүк чөйрөгө туруктуу болгондуктан, химиялык идиштерди жасоо­до кеңири колдонулат. Органикалык коррозияга чыдамдуу материалдар – фтороп­ласт, полиэтилен, полистирол жана башкалар. Материал­дардын коррозияга туруктуулугун жогорулатуу­да легирлөө (башка элементтерди кошуу), цинк, алюминий, никель, хром, эмаль, органикалык заттар (боёк) менен каптоо, коррозияны жайлантуучу ин­гибиторлор колдонулат, к. <i type='ref'>Металлдардын кор­розиясы .</i> | ||
чөйрөнүн таасирине туруктуу материалдар. Алар кислота, щелочь | |||
чөйрөдө тез бузулса, экинчи чөйрөдө коррозия­га туруктуу келет. Алар табиятына жараша металл | |||
чөйрөдө жогорку | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
08:20, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРРОЗИЯГА ЧЫДАМДУУ МАТЕРИАЛДАР – чөйрөнүн таасирине туруктуу материалдар. Алар кислота, щелочь жана бузгуч газ жана башкалар менен иштөөчү аппараттарды, түтүктөрдү, курулуш жабдыктарын жана башкаларды жасоо үчүн керектелет. Коррозияга чыдамдуу материалдар бир чөйрөдө тез бузулса, экинчи чөйрөдө коррозияга туруктуу келет. Алар табиятына жараша металл жана металл эмес болуп бөлүнөт. Металл материалдар өз алдынча конструкция же атайын жабуучу материалдар түрүндө колдонулат. Мисалы, темирдин хром менен куймасы (дат баспоочу болот), титан, цирконий, молибден куймалары газ чөйрөдө жогорку температурада да кычкылданбайт. Асыл металлдар (платина, алтын) газдарда жана көпчүлүк суюктуктарда өзгөрбөйт. Болоттун коррозияга туруктуулугун жогорулатууда ага 40%га чейин никель же 1,5% жез кошулат. Металл эмес коррозияга чыдамдуу материалдар каптоочу, лактап өңдөөчү жана көркөмдөөчү материал катары колдонулат. Алар органикалык жана органикалык эмес болуп бөлүнөт. Органикалык эместерге графит, алюмосиликаттар, таза кремнезём жана башкалар кирет. Кварц айнеги көпчүлүк чөйрөгө туруктуу болгондуктан, химиялык идиштерди жасоодо кеңири колдонулат. Органикалык коррозияга чыдамдуу материалдар – фторопласт, полиэтилен, полистирол жана башкалар. Материалдардын коррозияга туруктуулугун жогорулатууда легирлөө (башка элементтерди кошуу), цинк, алюминий, никель, хром, эмаль, органикалык заттар (боёк) менен каптоо, коррозияны жайлантуучу ингибиторлор колдонулат, к. Металлдардын коррозиясы .