КОРОМЖУЛУК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРОМЖУЛУК – </b>тереңдиктен кен казып алып | <b type='title'>КОРОМЖУЛУК – </b>тереңдиктен кен казып алып | ||
жатканда, казууга мүмкүн болбогон баланстык запастын бир бөлүгү. Өз ичинен жалпы шахта­лык (жалпы рудниктик, жалпы карьердик, жалпы кен издөөчүлүк) ж-а эксплуатациялык | жатканда, казууга мүмкүн болбогон баланстык запастын бир бөлүгү. Өз ичинен жалпы шахта­лык (жалпы рудниктик, жалпы карьердик, жалпы кен издөөчүлүк) ж-а эксплуатациялык коромжулукка бөлүнөт. Ж а л п ы ш а х т а л ы к к а целиктер, капиталдык казмалардын айланасы, скважиналар, шахта талаасынын ортосундагы барьердик целиктер, техникалык ж-а чарбалык куру­луштардын, коммуникациялардын, суу сакта­гычтардын, коруктардын асты, суулуу ойдуң­дар кирет. Э к с п л у а т а ц и я л ы к коромжулук массив ичиндеги (казылган аянттардагы, кен ка­батынын таманы м-н жабуусундагы целиктер, кендин ичкерип, жукарып кеткен бөлүгү, өрт чыккан, суу каптаган, ураган жерлер, тектоникалык жаракалар) ж-а массивден тышкары (жанаша жаткан тектер м-н бирге казылган аралашма­лар, урап түшкөн, кулаган, суу кирген, кенди жүктөп түшүргөн, жыйган, сорттогон кездеги жоготуулар, транспорттук коромжулук) түрлөрдөн турат. Коромжулук салмагы ж-а проценттик саны боюнча аныкта­лат. Жалпы шахталык коромжулук жалпы баланстык запаска, эксплуатациялык коромжулук коромжулуктун баланстык запаска болгон катышы боюнча эсептелет. Көп компоненттүү кенташтарда өнөр жайлык мааниси бар элементтердин ар бири өз алдынча эсепке алынат. Коромжулук атайын өлчөөлөр же маркшейдер­лик план боюнча эсептелет. | ||
чыккан, суу каптаган, ураган жерлер, | |||
жаракалар) ж-а массивден тышкары (жанаша жаткан тектер м-н бирге казылган аралашма­лар, урап түшкөн, кулаган, суу кирген, кенди жүктөп түшүргөн, жыйган, сорттогон кездеги жоготуулар, транспорттук | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
10:09, 28 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРОМЖУЛУК – тереңдиктен кен казып алып жатканда, казууга мүмкүн болбогон баланстык запастын бир бөлүгү. Өз ичинен жалпы шахталык (жалпы рудниктик, жалпы карьердик, жалпы кен издөөчүлүк) ж-а эксплуатациялык коромжулукка бөлүнөт. Ж а л п ы ш а х т а л ы к к а целиктер, капиталдык казмалардын айланасы, скважиналар, шахта талаасынын ортосундагы барьердик целиктер, техникалык ж-а чарбалык курулуштардын, коммуникациялардын, суу сактагычтардын, коруктардын асты, суулуу ойдуңдар кирет. Э к с п л у а т а ц и я л ы к коромжулук массив ичиндеги (казылган аянттардагы, кен кабатынын таманы м-н жабуусундагы целиктер, кендин ичкерип, жукарып кеткен бөлүгү, өрт чыккан, суу каптаган, ураган жерлер, тектоникалык жаракалар) ж-а массивден тышкары (жанаша жаткан тектер м-н бирге казылган аралашмалар, урап түшкөн, кулаган, суу кирген, кенди жүктөп түшүргөн, жыйган, сорттогон кездеги жоготуулар, транспорттук коромжулук) түрлөрдөн турат. Коромжулук салмагы ж-а проценттик саны боюнча аныкталат. Жалпы шахталык коромжулук жалпы баланстык запаска, эксплуатациялык коромжулук коромжулуктун баланстык запаска болгон катышы боюнча эсептелет. Көп компоненттүү кенташтарда өнөр жайлык мааниси бар элементтердин ар бири өз алдынча эсепке алынат. Коромжулук атайын өлчөөлөр же маркшейдерлик план боюнча эсептелет.