КОРОГЛЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРОГЛЫ Халык (1919, Ашхабад) – адабиятчы, фольклорчу, филология илимд. доктору (1971), проф. (1986). Москва медин-тун (1946), М. В. Ломоносов атн. ММУнун филология ф-тинин Чыгыш бөлүмүн (1952) бүтүргөн. Түрк ж-а иран тилдеринде сүйлөгөн элдердин баатырдык эпосторун салыштырма изилдөөдө зор эмгек сиңирген. 1947-ж. иран тили ж-а ад-ты б-ча ЖОЖдордо, 1954-ж. ММУнун филология ф-тинде О. Азия, Казакстан элдеринин ад-ттары б-ча лекция окуган. 1958–71-ж. «Большая Советская Энциклопедия» басмасынын Тил ж-а ад-т редакциясынын ил. редактору, «Краткая литературная энциклопедия» редакциясынын башчысы, 1971–85-ж. СССР ИАнын А. М. Горький атн. Дүйнөлүк ад-т ин-тунун улук ил. кызматкери болуп иштеген. К. кыргыз фольклору, а. и. «Манас» эпосун изилдеген.
Эмг.: Огузский героический эпос. М., 1976; Взаимосвязи эпоса народов Средней Азии, Ирана и Азербайджана. М., 1983.