КОРИОЛИС КҮЧҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРИОЛИ́С КҮЧҮинерция күчтөрүнүн бири.
Кыймылдуу системанын айлануусунун матери­алдык чекиттин салыштырмалуу кыймылына тийгизген таасирин эсептөө үчүн киргизилген. Фр. окумуштуу Г. Кориолистин ысымынан атал­ган. К. к. чекиттин массасы м-н Кориолис ыл­дамдануусунун көбөйтүндүсүнө барабар ж-а бул ылдамданууга карама-каршы багытталган: F = 2m[S, w ] ... Жер бетинде кыймылдаган нер­селерге да К. к. таасир этет. К. к. эркин түшкөн нерсени чыгышты көздөй четтетет (түртөт). Бул четтөө кеңдикке жараша: уюлдарда нөлгө, ал эми экватордо эң чоң мааниге ээ. К. к-нө негиз­делген маятникти 1851-ж. фр. физик Фуко жа­саган. Бул маятник Жердин өз огунда ай­лануусун далилдөөгө жардам берет. Меридиан б-ча түндүктү көздөй кыймылдаган нерсени К. к. Түн. жарым шарда оңго, ал эми Түш. жарым шарда солго түртөт. К. к. кыймылдагы само­лётко, снарядга, шамалга, суу агымына да таа­сирин тийгизет. Мис., Түн. жарым шарда дарыя­нын оң, ал эми Түш. жарым шарда сол жээги тез жешилет. Экватор б-ча чыгышты көздөй кыймылдаган нерсени К. к. өйдө көтөрөт, ал эми батышка баратканды ылдый басат. Техни­када гироскоп, турбина ж. б. айлануучу систе­маларда К. к. сөзсүз эске алынат.