КОРЖЕНЕВСКИЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРЖЕНЕ́ВСКИЙ Николай Леопольдович [6(18). 2. 1879, Витебский губ., Завережье кыш. – 31. 10. 1958, Ташкент] – физ.-географ ж-а гляциолог, география илимд. доктору (1937), Өзбек ИА-нын корр. мүчөсү (1947), Украин ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1939). О. Азия ун-тинин физ.-география кафедрасынын башчысы, проф. (1937), СССР география коомунун ардактуу мүчөсү (1955). Ил. изилдөөлөрү О. Азиянын физ.-географиясына арналган. Ал О. Азия мөңгүлөрүн кеңири изилдеп, алардын каталогун түзгөн (1930), 70тен ашык мөңгүнү ж-а бир нече чокуну алгачкы жолу изилдеген. К-дин ысмы м-н 3 мөңгү (Иле, Чоң Алай, Какшаал кырка тоолорунда) ж-а Чоң Алай кырка тоосундагы чоку аталган.
Ад.: Н. Л. Корженевский. Т., 1962; Рацек В. И.
Н. Л. Корженевский. Т., 1977.