КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫ – т ышк ы чөйрөнүн жагымсыз факторлорунан (чаң, газ, буу, нурлануу, радиоактивдүүлүктүн жогорулашы, уу химикаттардан ж. б.) ж-а душмандын жапырт кыргын куралдарынан коргоочу каражаттар. К. к. жеке ж-а коллективдүү болуп бөлүнөт. Жеке К. к-на атайын кийим (костюм, комбинезон, халат, ич кийим, алжапкыч, жең кап ж. б.), кол кап, бут ж-а баш кийим, көз айнек, дем алуу органдарын коргоочу аспаптар (противогаз, респиратор) ж. б., коллективдүү К. к-на жашырына турган ж-а калкалануучу жайлар кирет. Калкты жапырт кыргындан коргоо үчүн жашына турган жайлар айрым мамлекеттерде экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–45) алдында курула баштаган. СССРде бомбадан ж-а газдан коргонуу жайларын Абадан коргонуунун (ПВОнун) жерг. уюмдары көзөмөлдөгөн. Коргонуу үчүн жер төлөлөр, Москвада метрополитен станциясы пайдаланылган, о. эле атайын имараттар курулган. Жашынуучу жайлар элди ядролук жарылуунун бузуучу факторлорунан (согуу толкуну, өтмө радиация ж-а жарык нурлануу), ууландыруучу заттардан ж-а бактериялык каражаттардан, ысыктан коргойт. Алар имараттын төмөнкү бөлүгүнө же темир-бетондон атайы жасалат. Тынчтык мезгилинде алар гараж, кампа, коомдук тамак-аш мекемеси, турмуш-тиричилик имараты катары пайдаланылат. Жер астындагы курулуштар (метрополитен, туннелдер, көчө өткөөлдөрү) зарыл учурда жашынуучу жай катары пайдаланылат. Радиацияга каршы калкалануучу жай катары имараттын жер үстүндөгү бөлүгү, жер төлөлөр, шахталар ж-а темир-бетон, саман, жыгач, ылайдан жасалган атайын курулуштар колдонулат. Анда санитариялык түйүн, суу запасы ж-а тамак-аш үчүн орундар даярдалат. Алар табигый жол м-н же атайын аспаптардын жардамы м-н желдетилет.