КОРГОН 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРГОН – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Лейлек айыл округуна караштуу. Козу- Баглан суусунун боюнда, деңиз деңг. 1100 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 40 км чыгыш тарапта. Пролетарск (Та­жикстан) т. ж. бекетинен 100 км. Калкы 2554 (2007); негизинен мал м-н алектенип, тамеки өстүрөт. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, мечит, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.