КОПЁН ЧААТАС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОПЁН ЧААТАС</b> – Енисей кыргыздарынын | <b type='title'>КОПЁН ЧААТАС</b> – Енисей кыргыздарынын VII–VIII кылымдарга таандык көрүстөнү жана ошол кездеги мадания­тынын негизги эстелиги. Енисей дарыясынын сол жээ­гинде, Хакасиянын Копён кыштагынын жанында жайгашкан. 1939–1940-жылдары советтик археологдор Л. А. Евтюхова жана С. В. Киселёв изилдеген. Маркум­дар өрттөлүп, таш дөбөлөрдүн астына коюлган. Ал дөбөлөрдүн көбү илгери эле талоонго учура­ган, бирок кыргыз ак сөөктөрү коюлган чоң таш дөбөлөрдө (диаметри 20–30 <i>м</i>) эки жашыруун казанак бар экендиги аныкталган. Ал казанак­тардан алтындан жасалган чоң идиш, күмүш табакка салынган жана кооздолгон 4 алтын ку­мура, жаа менен айбандарга аңчылык кылып бараткан чабендестин коло сөлөкөтү табылган. | ||
жайгашкан. | |||
дөбөлөрдө (диаметри 20–30 <i>м</i>) эки жашыруун | |||
казанак бар экендиги аныкталган. Ал казанак­тардан алтындан жасалган чоң идиш, күмүш табакка салынган | |||
[[File:КОПЁН ЧААТАС33.png | thumb | Кыргыз чеберлери жа­саган алтын кумура жана табак. VIII–IX кылымдар. Копён Чаатас . (Алтай). | |||
]]Кумуралардын экөөнүн бетинде байыркы түрк жазуулары бар. Ал буюмдарды Иран, Орто Азия жана Кытайдын орто кылымдагы искусствосу менен таа­ныш жергиликтүү чеберлер жасаган деп болжолдонот. Копён Чаатастын тарых илиминде мааниси зор. | |||
[[Категория:4-том, 403-452 бб]] | |||
05:44, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОПЁН ЧААТАС – Енисей кыргыздарынын VII–VIII кылымдарга таандык көрүстөнү жана ошол кездеги маданиятынын негизги эстелиги. Енисей дарыясынын сол жээгинде, Хакасиянын Копён кыштагынын жанында жайгашкан. 1939–1940-жылдары советтик археологдор Л. А. Евтюхова жана С. В. Киселёв изилдеген. Маркумдар өрттөлүп, таш дөбөлөрдүн астына коюлган. Ал дөбөлөрдүн көбү илгери эле талоонго учураган, бирок кыргыз ак сөөктөрү коюлган чоң таш дөбөлөрдө (диаметри 20–30 м) эки жашыруун казанак бар экендиги аныкталган. Ал казанактардан алтындан жасалган чоң идиш, күмүш табакка салынган жана кооздолгон 4 алтын кумура, жаа менен айбандарга аңчылык кылып бараткан чабендестин коло сөлөкөтү табылган.

Кумуралардын экөөнүн бетинде байыркы түрк жазуулары бар. Ал буюмдарды Иран, Орто Азия жана Кытайдын орто кылымдагы искусствосу менен тааныш жергиликтүү чеберлер жасаган деп болжолдонот. Копён Чаатастын тарых илиминде мааниси зор.