КОНЦЕРТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОНЦЕ&#769;РТ</b> (лат. сoncerto – мелдешем дегенден) – артисттердин алдын ала жарыяланган программа б-ча эл алдында өнөр көрсөтүүсү. К. түрлөрү: музыкалык (симф., камералык, фортепьянолук, скрипкалык ж. б.), адабияттык (көркөм окуу), аралаш (муз. номерлер, көркөм окуу, спектаклдерден, балеттерден үзүндүлөр ж. б.), эстрадалык (жеңил вокалдык ж-а аспаптык муз. чыгармалар, юмордук аңгемелер, пародиялар, цирк номерлери ж. б.). К-ке бир (жеке К.) же бир нече аткаруучу катышат. Жеке ас&shy;паптын же оркестрдин коштоосунда үн үчүн жазылган муз. чыгарма да К. деп аталат. 18-к-дан акад. деп аталган автордук К. кеңири тараган, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен ж. б. өз чыгар&shy;маларын аткарып чыгышкан. Россияда К. 18-к-дын 40–70-жылдарында системалуу мүнөзгө өткөн. <i>Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, Кыргыз эл аспаптар оркестри, Комузчулар ансамбли, «Даткайым» скрипкачылар ансамбли,</i> ар кыл муз. коллективдер, ырчылар ж. б. аткаруучулар тарабынан К-тер үзбөй өткө&shy;рүлүп турат.
<b type='title'>КОНЦЕ&#769;РТ</b> (латынча сoncerto – мелдешем дегенден) – артисттердин алдын ала жарыяланган программа боюнча эл алдында өнөр көрсөтүүсү. Концерт түрлөрү: музыкалык (симфониялык, камералык, фортепьянолук, скрипкалык жана башкалар), адабияттык (көркөм окуу), аралаш (музыкалык номерлер, көркөм окуу, спектаклдерден, балеттерден үзүндүлөр жана башкалар), эстрадалык (жеңил вокалдык жана аспаптык музыкалык чыгармалар, юмордук аңгемелер, пародиялар, цирк номерлери жана башкалар).Концертке бир (жеке концерт) же бир нече аткаруучу катышат. Жеке ас&shy;паптын же оркестрдин коштоосунда үн үчүн жазылган музыкалык чыгарма да концерт  деп аталат. XVIII кылымдан академиялык деп аталган автордук концерт кеңири тараган, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен жана башкалар өз чыгар&shy;маларын аткарып чыгышкан. Россияда концерт  XVIII кылымдын 40–70-жылдарында системалуу мүнөзгө өткөн. <i>Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, Кыргыз эл аспаптар оркестри, Комузчулар ансамбли, «Даткайым» скрипкачылар ансамбли,</i> ар кыл музыкалык коллективдер, ырчылар жана башка аткаруучулар тарабынан концерттер үзбөй өткө&shy;рүлүп турат.
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]

05:16, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНЦЕ́РТ (латынча сoncerto – мелдешем дегенден) – артисттердин алдын ала жарыяланган программа боюнча эл алдында өнөр көрсөтүүсү. Концерт түрлөрү: музыкалык (симфониялык, камералык, фортепьянолук, скрипкалык жана башкалар), адабияттык (көркөм окуу), аралаш (музыкалык номерлер, көркөм окуу, спектаклдерден, балеттерден үзүндүлөр жана башкалар), эстрадалык (жеңил вокалдык жана аспаптык музыкалык чыгармалар, юмордук аңгемелер, пародиялар, цирк номерлери жана башкалар).Концертке бир (жеке концерт) же бир нече аткаруучу катышат. Жеке ас­паптын же оркестрдин коштоосунда үн үчүн жазылган музыкалык чыгарма да концерт деп аталат. XVIII кылымдан академиялык деп аталган автордук концерт кеңири тараган, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен жана башкалар өз чыгар­маларын аткарып чыгышкан. Россияда концерт XVIII кылымдын 40–70-жылдарында системалуу мүнөзгө өткөн. Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, Кыргыз эл аспаптар оркестри, Комузчулар ансамбли, «Даткайым» скрипкачылар ансамбли, ар кыл музыкалык коллективдер, ырчылар жана башка аткаруучулар тарабынан концерттер үзбөй өткө­рүлүп турат.